super.kg logo
  Саясат  

"Кумтөрдө" мөңгүнү ордунан жылдыруу демилгеси макулдашуу комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү

 

Жогорку Кеңеште 25-июнда "Суу кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Сабир Атажанов "Кумтөр" кенинде оор абал түзүлүп, Давыдов мөңгүсүнүн 15 миллион тонна музун башка жерге көчүрүү зарылдыгы пайда болгонун билдирди. "Ошондуктан Суу кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат. Андай кылбасак, муз жылып, "Кумтөрдөгү" иш токтоп калышы мүмкүн. Мындай жагдай башка кендерде да пайда болот",- дейт ал.

Көпчүлүк депутаттар Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн мөңгүгө жакын жайгашкан кендер жер алдынан иштетилүүгө тийиш экенин айтышты.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев: "Эгер жер алдынан иштетиле баштаса, кендин рентабелдүүлүгү кескин төмөндөп кетет. Кен иштетилген жер кыртышы бошоңдоп калгандыктан, ири каражат жумшоого туура келет. Мунун баары адистер менен бирге эсептелип чыкты",- дейт.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору кайра иштеп чыгуу үчүн "Мөңгүлөр жөнүндө" мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн макулдашуу комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү. 

Эске салсак, "Ата Мекен" фракциясы бул мыйзам долбоорун четке каккан. КСДП фракциясы демилгени жогоруда аталган макулдашуу комиссиясы менен биргелешип чечүү сунушун берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: