Өзгөндөгү айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери "200 миң сомго жакын каражатты ашыкча сарптаган" деп айыпталышууда
Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы, бүгүн 26-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, аталган айыл аймагындагы Тешебаев атындагы мектептин оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттен 2 миллион 303 462 сом бөлүнгөн, бирок оңдоп-түзөө иштери 196 800 сомго жогорулатылган баа менен аткарылганы аныкталган.
Аталган факт боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы тарабынан “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Иликтөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.