super.kg logo

Эмгек, жаштар жана миграция министрлигине нааразы болгон активисттер кытай вазелинин белекке берүү үчүн тынчтык акциясына чыгышты

 
Челекке салынган кытай вазелини.
Тынчтык акциясынын жүрүшүнөн.
“Жаңы муун” коалициясынын төрагасы Тимур Саралаев.
“Жаңы муун” коалициясынын мүчөсү Аскарбек Мамытов.
“Жаңы муун” коалициясынын төрагасы Тимур Саралаев жана анын мүчөсү Аскарбек Мамытов.

Бүгүн, 26-июнда Бишкекте “Жаңы муун” коалициясынын төрагасы Тимур Саралаев жана анын мүчөсү Аскарбек Мамытов челекке салынган кытай вазелинин КРнын Эмгек, жаштар жана миграция министрлигине белекке берүү максатында тынчтык акциясына чыгышты.

Алардын айтымында, аталган министрлик өзүнүн функциясын так аткарбай жатат.

“Биз айла кеткенинен ушундай кадамга бардык. Анткени вазелин өтө орой нерсе. Өзүңөр колдоно бергиле деп бергени жатабыз. Буга чейин биз Эмгек, жаштар жана миграция министрлигине жана башка тийиштүү органдарга миграция маселесине өзгөртүү киргизүү боюнча кайрылганбыз. Тилекке каршы, 4 жылдан бери жыйынтыктуу жооп берилбей келет. Кыргызстандагы эмгек мигранттарына 12 900 квота берилген деп жүрөт, алардын 80 пайыздан ашууну кытайлык жарандар. Бирок бул расмий маалымат боюнча гана. Анткени бул көрсөткүч андан да көп. Азыркы учурда алар коомчулукка башка маалымат берип, өзүлөрү башка саясат жүргүзүп жатышат. Ошондуктан миграция өкүлдөрү жоопкерчиликти сезсин деп тынчтык акциясын уюштуруп жатабыз. Көптөгөн ишканалардын басымдуу бөлүгүндө чет өлкөлүктөр иштешет. Бизди өкүндүргөн нерсе, алардын айлыктары да көбүрөөк. Мисалы, Нарында альтернативдик жол салынып жатат. Ал жерде да көбүнчө кытайлыктар иштеп жатышат. Биздин оюбуз боюнча, комплекстүү миграция тармагына оптималдаштыруу саясатын жүргүзүү керек. Мыйзамдарды өзгөртүү зарыл. Биздин талабыбыз: 2015-жылга берилип жаткан квоталардын санын кыскартышсын. Анткени өлкөдө жумушсуздар көп. Бул маселе улутчулдукка алып келбейт. Биз кыргыздар деген жокпуз, кыргызстандыктар деп жатабыз”,- деп билдирди Тимур Саралаев. 

Кошумчалай кетсек, тынчтык акциясы саат 11:30да башталган. Ал эми активисттердин талаптарын угуу үчүн министрликтен эч ким чыккан жок. Вазелин салынган челекти аталган министрликтин алдына таштап кетишерин айтышты активисттер. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: