Бонивур Ишемкулов: “Кыргыз-тажик чек арасында ооганстандык баңгизат өткөрүлүүчү 50 багыт бар”
“Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек арасында ооганстандык баңгизат өткөрүлүүчү 50 негизги багыт бар”,- деди бүгүн, 26-июнда маалымат жыйынында Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча кызматынын алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин башчысынын орун басары Бонивур Ишемкулов.
КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча кызматынын башчысы Тимур Исаковдун айтымында, мунун себеби чек аранын тоолуу болгондугу менен байланыштуу. “Айрым баңгизат өтүүчү багыттар тоолордун чокуларынан өтөт. Мисалы, мурда Кызыл-Арт ашуусунда чек арачылар жайгашкан эле. Бирок ал өтө бийикте болгондуктан, жашоого оор болчу. Ошондуктан чек ара түйүнүн төмөнүрөөк жайгаштырууга мажбур болгон”,- деди Исаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.