Депутаттардын жардамчыларын сынаксыз ишке алууга тыюу салуу демилгеси 2-окууда колдоо тапты
Депутаттардын жардамчыларын сынаксыз мамлекеттик кызматтарга ишке алууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 2-окууда колдоо тапты. Мындай чечим парламенттин 26-июндагы жыйынында кабыл алынды.
Киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мамлекеттик саясий кызматтагы адамдардын кеңешчилери жана жардамчылары мамлекеттик административдик кызматтарга сынактан сырткары дайындоо тартибинин күчүн жоготту деп эсептөө сунушталган.
Мыйзам долбоору жакында четке кагылган болчу, бирок тармактык комитеттин сунушу менен кайрадан добушка коюлуп, өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

