super.kg logo
  Саясат  

Данияр Тербишалиев кесиптеши Келдибековду үй камагына чыгарууга каршы: "Эмне, депутаттын жаны башкалардыкынан кымбатпы?"

 
Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев кесиптеши Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгарууга каршы. Муну депутат парламенттин 26-июндагы жыйынында билдирип, Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин айтып чыкты. "Кечээ мен жокто ордума башка депутат "макул" деп добуш берип коюптур, мен каршымын. Келдибековду үй камагына чыгарсак, анда башкаларды да чыгарууга туура келет. Ага окшоп ооруп, медициналык чечимдери барлар өлкөдө толтура. Кеп Келдибеков жөнүндө эмес, систем жөнүндө болуп жатат. Анда Түлеевди да камактан бошотолу. Эмне депутат, министрлердин жаны карапайым элдикинен кымбатпы? Баарына тегиз мамиле кылалы",- деди Тербишалиев.
Депутаттын мындай пикирин айрым кесиптештери "популисттик аракет" деп баалашты. Спикер Асылбек Жээнбеков 25-июнда бул боюнча чечим кабыл алынганын, аны өзгөртүүгө болбостугун билдирди.
Айта кетсек, парламент кечээ Келдибековду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко жана Башкы прокуратурага кайрылуу боюнча токтом кабыл алган.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: