super.kg logo

Бишкекте "Манас" эпосу - элдин алтын ой казынасы" аттуу маданий иш-чара өтөт

 

30-июнда Республикалык илимий-медициналык китепкананын жыйындар залында "Манас" эпосу - элдин алтын ой казынасы" аттуу маданий иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган маданий иш-чарага саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери, илим-билим берүү чөйрөсүнөн, ошондой эле кызыкдар болгон жана расмий өкүлдөр чакырылат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын китепканаларынын билимге, илимге, маданиятка, маалыматка кошкон чоң салымын эске алып, мындан ары алардын коомдук жашоодогу ролун жогорулатуу керектигин жана Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамын, КРнын Өкмөтүнүн "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу максатында Республикалык илимий-медициналык китепканада 27-майдан 27-июнга чейин бир айлык өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: