Алмазбек Атамбаев “Кыргызстанда айрым ата-энелер балдарын жогорку окуу жайларга мактаныш үчүн гана тапшыртышат” деди

Бүгүн, 27-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөө боюнча жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү куттуктоодо.
“Бүгүн силер ийгилигиңерге жетиштиңер. Буга жетиш үчүн чоң эмгек кылдыңар. Эми Кыргызстандагы каалаган жогорку окуу жайлардын биринде окуй аласыңар. Кыргызстанда туризм, жеңил өнөр жай, энергетика тармактары өнүгүүдө. Бул тармакта кесипти тандасаңар, жумушсуз калбайсыңар. Тилекке каршы, айрым ата-энелер балдарын жогорку окуу жайларга башкаларга мактаныш үчүн тапшыртышат. Бул туура эмес. Өзүңөр жакшы көргөн кесипти тандап, жогорку билимдүү адис болууга аракет кылгыла”,- деди өлкө башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
1

