super.kg logo

Калктын аялуу катмарынын ден соолугу мобилдүү клиникалык комплексинде текшерилет (фоторепортаж)

 
Аземдин жүрүшүнөн.
Мобилдүү клиникалык комплекстин сырткы көрүнүшү.
Бул комплексте 3 бөлмө бар. Алардын бири гинекологиялык бөлмө.
Иш-чаранын катышуучулары.
Жарандарды кабыл алган бөлмөдө ультраүн аппараты орнотулган.
Мобилдүү комплекс тийиштүү шаймандар менен жабдылган.
Мобилдүү комплекстин ички көрүнүшү.
Гинекологиялык стол.
Ультраүн аппараты.
Жарандарды кабыл алган бөлмөдө ультраүн аппараты орнотулган.
Мобилдүү клиникалык комплекси...
Мобилдүү клиникалык комплекси...
Мобилдүү комплекс тийиштүү шаймандар менен жабдылган.
Мобилдүү комплекстин ички көрүнүшү.
Мобилдүү комплекстин ички көрүнүшү.
Мобилдүү комплекстин ички көрүнүшү.
Мобилдүү клиникалык комплекстеги дары-дармек салынуучу куту.
Мобилдүү клиникалык комплекстеги дары-дармек салынуучу сумка.
Мобилдүү клиникалык комплекстеги дары-дармек салынуучу сумка.
Мобилдүү комплекстин ички көрүнүшү.

Бүгүн, 27-июнда RUSAID`дин “Аялуу калк арасында, өзгөчө мигранттардын арасында жыныстык катнаш аркылуу жугуучу жана вирустук гепатит ооруларынын алдын алуу системин жакшыртуу” долбоорунун алкагында Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине мобилдүү клиникалык комплексин тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Орусиянын регионалдык “СПИД-маалымат-байланыш” коомдук уюмунун, Кызыл Крест жана Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү катышты.

Мобилдүү комплекс болгон бул КамАЗдын чоң фургонунун ичинде лаборатория, ультраүн аппараттары жана кароочу бөлмөлөр жайгашкан. Комплексте жалпы практикалык врач, акушер-гинеколог, дерматовенеролог жана лаборант медайым иштейт. Алар калктын аялуу катмарына акысыз кызмат көрсөтүшөт. Комплекс бир күндө 50гө жакын адамга инструменталдуу жана лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө жана ар кандай консультация берүүгө жөндөмдүү экенин иш-чаранын катышуучулары белгилеп өтүштү.

Кошумчалай кетсек, долбоордун натыйжасында базалык медициналык кызматтарына жеткиликсиз мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү өз убагында инфекциялык оорулардын симптомдору жана алардын алдын алуу жолдору жөнүндө маалымат ала алышат. Мындай иш-аракеттер алардын ден соолукка болгон жоопкерчилигин көбөйтөт жана ооруларды убагында дарылоого чараларды көрүүгө, алдын алууга үндөйт.

Бул мобилдүү клиникалык комплекс Кыргызстандын Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы жарандардын ден соолугуна кам көрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: