Нарында өтө турган «Кыргыз шырдагы» фестивалына Япония, Корея жана Германиядан келген коноктор катышышат
28-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районунда өтө турган «Кыргыз шырдагы» IV эл аралык фестивалына Япония, Корея жана Германиядан келген өкүлдөр катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, учурда 32 боз үй тигилип, конокторду кабыл алуу жана каттоо иштери жүрүүдө. Фестивалдын жүрүшүндө "Улуу көч" жарманкеси уюштурулуп, келген коноктор кыргыз уздарынын колунан жаралган буюмдарга күбө боло алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.