super.kg logo
  Саясат  

Асия Сасыкбаева Япония депутаттарынын делегациясы менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 27-июнда Йосиаки Харада башында турган Япония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын депутаттары менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыгы, парламенттер аралык байланыштар талкууланды. Сасыкбаева президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылкы Японияга болгон иш сапары эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачкандыгын белгиледи. “Кыргызстан Япония менен мамлекеттер аралык байланыштарды бекемдөөгө чоң маани берет, биздин мамилелер жыл өткөн сайын жакшырууда”,- дейт Сасыкбаева.

Төрага орун басары ар кандай ички түзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келе жаткан Япониянын Кыргызстандагы эл аралык кызматташтык агенттигинин өзгөчө ордуна да токтолду.

Өз кезегинде Япония парламенттик делегациясынын башчысы Йосиаки Харада Кыргызстан менен Япониянын тыгыз байланышы өнүгүп жатканын айтты. Тараптардын энергетика, өнөр жай, азык-түлүк, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууну активдештирүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: