super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Орозо айы мусулмандарды сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө үндөйт"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат: 

"Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Сиздерди ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу Рамазан айы жалпы мусулман калкын сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, биримдикке үндөйт. Бул күндөрү бири-бирибизге кайрымдуу болуп, жан дүйнөнүн аруулугуна ниет буруп, үй-бүлөбүзгө, жакындарыбызга жалаң гана жакшылык каалап, мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалы бекемделишин Жараткандан тилейбиз.

Туткан орозоңор кабыл болуп, илгери үмүткө ширелген аруу тилегиңер, алдыга койгон максатыңар орундалсын! Жүрөгүбүздөн ыйман оту өчпөй, Жараткан өзү элибизге ынтымак, ырыскы ыроолоп, адилеттүүлүккө жана өнүгүүгө багыт алган Кыргызстаныбыздын келечегин кең кылсын!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: