Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 28-майында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен Тажикстан өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 28-майында кабыл алынган мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте тажик тарапка жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

