super.kg logo

Бишкекте татар менен башкырлардын Сабантуй улуттук майрамы болуп өттү (фоторепортаж)

 
Октябрь райондук администрациясынын башчысы Камалдин Токтосартовду оюнга салышты.
Артисттерди келген эл кол чаап тосуп алышты.
Татар жана башкырлардын улуттук кийимдери.
Майрамга күбө болгон эл.
Татар жана башкырлардын улуттук кийимдери.
“Сабантуй түпкү теги менен таанышууга жана өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүүгө эбегейсиз мүмкүндүк түзөт. Ал улуттук маданияттын тирүү булагы болгондуктан, кийинки муунду руханий азыктандырат”,- деп билдирди Айгүл Рыскулова өз сөзүндө.
Майрамга катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн.
Майрамга аталар жана апалар күбө болушту.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн.

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында татар менен башкырлардын Сабантуй улуттук майрамы белгиленди. Бул тууралуу 30-июнда Бишкек шаардык мэриясынын Коомчулук менен байланышуу башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Камалдин Токтосартов жана башкалар катышты.

Майрамда татар, башкыр элинин ыр-бийлери жаңырып, ар кандай оюндары ойнотулуп, катышуучулар Татарстандан келген артисттердин жана бийчилердин өнөрлөрүнө күбө боло алышты.

Иш-чарада вице-мэр Айгүл Рыскулова куттуктоо сөзү менен чыгып, жүз жылдардан бери уланып келе жаткан бул майрам татар жана башкырлардин эң көңүлдүү жана сүйүктүү майрамы экенин белгилеп өттү.   

“Сабантуй түпкү теги менен таанышууга жана өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүүгө эбегейсиз мүмкүндүк түзөт. Ал улуттук маданияттын тирүү булагы болгондуктан, кийинки муунду руханий азыктандырат”, - деди Айгүл Рыскулова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.06.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгул Рыскулова эжебиз , эркектер менен тен жарышып шым кийбей , костюм - юбка кийип алса болмок экен ....Эркек кишилердин катарында жагымсыз корунот экен .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: