super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева: "Виртуалдуу илимий китепкана билимге умтулган илимпоздорго пайда алып келет"

 

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 27-июнда "CRDF Global" программасынын директорунун орун басары Чарльз Данлэп менен жолугушту. Жолугушууда аталган программа тарабынан түзүлгөн Виртуалдуу илимий китепкананын иши талкууланды. Данлэптин билдиришинче, ВИК программасынын алкагында кыргыз окумуштууларына 2012-жылдан берки 13 миллион толук тексттүү рецензияланган макалалар жеткиликтүү болот.

“Учурда Кыргызстанда 200гө жакын илим жана билим берүү мекемелерине ВИК жеткиликтүү. Мындан тышкары ВИК программасы кыргыз илимий коомчулугунун өз иликтөөлөрүн жарыялоо ишин күчтөндүрүүгө багытталган. Эксперттер тарабынан өлкөнүн аймактарында 900дөн ашуун окумуштууга 20дан ашык семинар өткөрүлгөн",- деди Данлэп.

Эльвира Сариева "CRDF Global" кызматкерлерине аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сиздер билимге умтулган илимпоздорго, аспиранттарга жана студенттерге пайда алып келүүчү чоң ишти аткардыңар. Белгилей кетчү нерсе, КРнын Илимдер академиясы учурда Ачык электрондук китепкана жана Виртуалдык диссертациялар залын түзүү боюнча ишти аткарууда",- деди вице-премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: