super.kg logo

Орусиялык композитор Игорь Крутой кызы Викторияны турмушка узатты

 

Орусиялык композитор Игорь Крутой кызы Викторияны турмушка узатты. 28 жаштагы Виктория Крутая менен анын көптөн бери сүйлөшүп жүргөн жигити, ишкер Давид Беркович баш кошуп, алардын кубанычын тең бөлүшкөн салтанат Монакодо орун алды. Эки жуптун үлпөт тою көптөгөн эстрада жылдыздарын бир жерге чогултту. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эки жаш бир ай мурун өздөрүнүн мамилелерин расмий каттоо аркылуу бекемдешкен эле. Анда жаш жубайлар жакын досторун чогултушуп, Испанияда бир канча күн майрамдашкан.

Укмуштай сонун көйнөк кийген жаш келинди чиркөөнүн төрүнө атасы Игорь Крутой коштоп барды. Ал эми тойго келгендердин арасында ырчы Алсу, “А-Студио” тобунун солисти Кети Топурия, продюсер Яна Рудковская, телеалпаруучу Андрей Малахов жана жаштардын жакындары болушту. Бул тойду коноктор “жылдын үйлөнүү тою” деп белгилешип, өз сөзүндө Яна Рудковская Викторияны “эң сулуу келинчек” деп атады.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.06.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап сулуу келин болуптур. Бактылуу болушсун!!! Атасынын талантына таазим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: