Кыргызстанда малды паспорттоштурууга Польша 40 миллион евро берүүдө
Парламент 30-июндагы кезексиз жыйынында “Польша менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш жардамынын алкагында насыя берүү жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун 3 окууда кабыл алды.
Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, Польша Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында 40 миллион евро көлөмүндө жеңилдетилген насыя берип жатат. Насыя 25 жылдык мөөнөткө 0,15 пайыз үстөгү менен берилип жатат. Насыянын 16 миллион доллары мал башын индентификациялоо ишине жумшалат. Калган каражатка айыл чарба техникалары сатылып алынып, лизингге берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

