super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты эл аралык уюмдар тарабынан сыйланды

 

Бүгүн, 30-июнда парламент депутаттарына, аппарат кызматкерлерине жана жарандык сектордун өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Парламенттер аралык ассамблеясынын, Европадагы экономикалык жамааттын, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын сыйлыктарын жана Калифорниядагы (АКШ) билим берүү, илим, индустрия жана искусство боюнча эл аралык академиянын диплому тапшырылды.

Иш-чараны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров ачып, өткөн жылы кыргыз парламентинин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгы белгиленгенин эске салып, Жогорку Кеңештин ушу кезге чейин басып өткөн жолу оңойго турбагандыгын айтты. “Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынан тарта кыргыз парламентинин жаңы этабы башталды десек болот. Ачык, адилет коом курууну көздөгөн башкаруунун парламенттик-президенттик формасына – парламенттик демократия жолуна алган бул багытыбыз парламенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтүү менен бирге жоопкерчилигин дагы арттырды”,- деп Зулпукаров кыргыз парламентинин ишине салым кошкондорду алган сыйлыктары менен куттуктады.

КМШ ПААнын жана анын органдарынын ишмердүүлүгүндө үзүрлүү катышкандыгы, КМШ элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымдары үчүн аталган уюмдун Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы менен төмөндөгү депутаттар сыйланышты:

Сайдулла НЫШАНОВ - Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы;

Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ - Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

Курманбек ОСМОНОВ - Жогорку Кеңештин депутаты. 

Сыйлык алгандардын катарында мындан башка да бир катар депутаттар, аппарат кызматкерлери жана мамлекеттик ишмерлер бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: