super.kg logo

Кыргыз элинин маданияты Германияда өткөн "Бардык улуттар фестивалында" көрсөтүлдү

 

Кыргыз Республикасына келген туристтердин санын көбөйтүү жана туризмди өнүктүрүү боюнча кабыл алынган планды ишке ашыруу максатында кыргыз элинин маданияты 28-июнь күнү Германияда өткөн "Бардык улуттар фестивалында" көрсөтүлдү. Бул тууралуу 30-июнда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жылы иш-чарага 15 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Фестивалдын негизги максаты Германиянын жашоочуларын дүйнө элинин маданияты менен тааныштыруу болуп саналат. Анда катышуучуларга Кыргызстан тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, коноктор кыргыз искусствосу менен да тааныша алышты. Ошондой эле улуттук тамактардан даам татып, сувенирлерге ээ болушту. Фестивалдын катышуучулары тигилген боз үйдүн жасалгасына суктанышып, кыргыздын улуттук кийимдерин көрө алышты. КРнын аталган өлкөдөгү элчилигинин демилгеси менен кыргыз өкүлчүлүгү саамалыкка сегизинчи жолу катышып жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: