super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Сокулуктагы 2 мектептин абалын көрдү (фоторепортаж)

 
Алгач өлкө башчы Беловодск айылындагы Биринчи Май мектебине барды (фото Султан Досалиевдики).
Алмазбек Атамбаев Беловодск айылындагы Биринчи Май мектебинин абалы менен таанышууда (фото Султан Досалиевдики).
Фото Султан Досалиевдики.
Алмазбек Атамбаев Беловодск айылындагы Биринчи Май мектебинин абалы менен таанышууда (фото Султан Досалиевдики).
Сокулук районунун Киров айылында курулуп жаткан мектеп (фото Нургазы Аматовдуку).
Сокулук районунун Киров айылында курулуп жаткан мектеп (фото Нургазы Аматовдуку).
Сокулук районунун Киров айылында курулуп жаткан мектеп (фото Нургазы Аматовдуку).
Учурда Киров айылынын окуучулары ушул мектепте окушууда (Бейшеналы атындагы мектеп, фото Нургазы Аматовдуку).
Фото Нургазы Аматовдуку.
Сокулук районунун Киров айылында курулуп жаткан мектеп (фото Нургазы Аматовдуку).
Сокулук районунун Киров айылында курулуп жаткан мектеп (фото Нургазы Аматовдуку).
Сокулук районунун Киров айылында курулуп жаткан мектептин спортзалы (фото Нургазы Аматовдуку).
Сокулук районунун Киров айылында курулуп жаткан мектеп (фото Нургазы Аматовдуку).
Сокулук районунун Киров айылында курулуп жаткан мектеп (фото Нургазы Аматовдуку).
Сокулук районунун Киров айылында курулуп жаткан мектеп (фото Нургазы Аматовдуку).
Сокулук районунун Киров айылынын тургундары Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну күтүүдө (фото Нургазы Аматовдуку).
Алмазбек Атамбаев мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышууда (фото Нургазы Аматовдуку).
Фото Нургазы Аматовдуку.
Алмазбек Атамбаев жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүдө (фото Нургазы Аматовдуку).
Фото Нургазы Аматовдуку.
Айылды таза суу менен камсыз кылуу максатында суу түтүгүн орнотууга мамлекет башчы өздүк эсебинен 1 миллион сом берерин билдирди (фото Нургазы Аматовдуку).
Алмазбек Атамбаев Киров айылынын аксакалдарынан бата алды (фото Нургазы Аматовдуку).
Фото Нургазы Аматовдуку.

Бүгүн, 1-июлда президент Алмазбек Атамбаев Сокулук районундагы 2 мектептин абалы менен таанышып чыкты. Алгач өлкө башчы Беловодск айылындагы Биринчи Май мектебине барды. Президент менен кошо жүргөн каржы министри Ольга Лаврова мектеп авариялык абалда экенин белгиледи. “2013-жылы мектептин жетекчилиги капиталдык оңдоо боюнча кайрылышкан. Бирок ага каражат бөлүү каралбай калган. Президент 2015-жылга чейин мектепти оңдоого акча каражат бөлүүнү буйруду. Айта кетсем, мектеп 750 окуучуга ылайыкталган”,- деди министр айым.

Андан соң Алмазбек Атамбаев аталган райондун Киров айылындагы Бейшеналы атындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышып чыгып, аны өз көзөмөлүнө аларын айтты.

Айта кетсек, Бейшеналы атындагы мектеп 2008-жылы курула баштаган. Республикалык бюджеттен ага 46 миллион 189 миң сом каралып, курулуштун башталышы менен 12,5 миллион сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнү мектептин 3 корпусу тургузулуп, жакында чатыры жабылмакчы.

Мындан тышкары өлкө башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактагы суу маселесин чечүүгө жардамдашарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: