super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте “Тезекпром” акциясын уюштургандар 2-июлда “Шералы хандын чокою” аттуу жыйын өткөрүшөт

 

Эртең, 2-июлда саат 10:00дө Бишкек шаарында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында активисттер көчмө маалымат жыйынын өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн иш-чаранын катышуучуларынын бири, активист Мавлян Аскарбеков интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялады.

Маалым болгондой, жыйындын аталышы: “Баткенден президентке кат (Шералы хандын чокою)”. Иш-чарада президентке Баткен облусундагы кырдаал боюнча кайрылуу окулмакчы. Мындан тышкары электр энергиясынын жана ысык суунун кымбатташы талкууланат.

Эскерте кетсек, быйыл 9-июнда бир катар жаш активисттер “Тезекпром” деген акция уюштурушкан. Бирок аларды милиция кармап кетип, айып пул төлөп чыгышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: