"Республика" мурунку чечимин жокко чыгарып, фракциядан чыгарылган 3 депутатты кайра катарына кошту
Жогорку
Кеңештин "Республика" фракциясы өзүнүн кезексиз жыйынында 2013-жылдын
15-майында кабыл алынган №21-чечимин
жокко чыгарды. Муну бүгүн, 1-июлда фракциянын катчылыгы билдирди. Депутаттар фракциянын мүчөлүгү боюнча маселени
карап, "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамда камтылган "депутаттар
парламенттик фракциядан тышкары топторго бириге алышат" деген норма мыйзамдарга
карама-каршы келбейт деп таанышып, аталган чечимди жокко чыгарышты. Чечим
менен мурда фракциянын катарынан мыйзамсыз чыгарылган депутаттар Шаршенбек
Абдыкеримов, Алмазбек Баатырбеков, Эльмира Жумалиева кайра фракциянын
курамында калышты.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

