super.kg logo

"Тамашоу" Лигасынын Жайкы фестивалында "Кыргыз Двор" курама командасы "Мыкты команда" деп аталды

 
Эрмек Нурбаев негиздеген "Тамашоу" Лигасы 6-сезонун ийгиликтүү жыйынтыктаган соң, 28-июнда кереметтүү Ысык-Көлдө "Тамашоунун" Жайкы фестивалын өткөрдү. Фестивалга мыкты оюндары менен эл оозуна алынган командалар катышты. "Мыкты тамаша", "Мыкты команда" жана "Мыкты оюнчу" наамына 10 команда ат салышып, жеңүүчүлөр аныкталган. 
Командалардын өнөрлөрүнө футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошев, КВНчи Улан Барпиев жана Ысык-Көлдөгү санаторийлердин биринин өкүлдөрү баа беришти. Жайкы фестивалдын жыйынтыгында "Мыкты тамаша" наамына "National" курама командасы татыктуу болсо, "Мыкты оюнчу" наамын "Евраш" курама командасынын оюнчусу Эламан утуп кетти. Ал эми "Мыкты команда" наамы көпчүлүккө куйкум тамашалары менен таанылган "Кыргыз Двор" курама командасына ыйгарылды. 
Бул тууралуу "Тамашоу" Лигасынын башкы администратору Таттыбүбү Садырбекова: "Жайкы фестиваль "тамашоучулардын" достугун бекемдеген жагымдуу маанайда өттү. Оюнчулар арасында сынактан тышкары ар кандай кызыктуу оюндар уюштурулду. "Тамашоунун" Кышкы жана Жазгы фестивалдарынан айырмаланганы катары Ысык-Көлдүн жээгинде өткөнүн айта алабыз. "Тамашоучулар" өздөрүн эркин алып жүрүшүп, фестиваль жогорку деңгээлде болду. Оюндун жүрүшүндө Азамат Байматовдун топ менен өнөрүн көргөзгөнү да жакшы маанай тартуулады",- деп билдирди.

"Тамашоу" долбоору түптөлгөндөн тарта элге мыкты тамашаларды гана тартуулап тим болбостон, өлкөнүн атын чыгарган командаларды тарбиялап чыгарууда. Бул долбоорго катышкан шайыр жаштар тапкычтыгы менен элди күлкүгө бөлөп, позитивдүү маанай тартуулашат. 

Анда такшалып жаткан улан-кыздар кыргыз элине бир гана күлкү тартуулабастан, таамай айтылган тамашалары менен коомдогу терс көрүнүштөрдү чымчып өтүшүп, аң-сезимин ойготууга салым кошуп келишет. Келечектен көптү үмүттөндүргөн өнөрлүү жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болгон долбоор аркылуу таанылган командалардын катышуучулары бүгүнкү күндө бийиктиктерди багындырышууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.07.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат да ушул команда. Озгочо эки "айылдык" бар го "чыканак -чыканак" деген ошол экоо класавчик да.
01.07.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон бери энсеп журушот елегооо кутуктаймын кыргыз двор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: