super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте активисттердин “Шералы хандын чокою” аттуу акциясы өтүүдө

 

Бүгүн, 2-июлда Бишкектеги КРнын Маданият министрлигинин алдында “Президентке Баткенден келген Шералы хандын чокою” аттуу акция өтүүдө. Иш-чарага 8 активист катышып, тартипти 10 чакты милиция кызматкери сактап жатат.

“Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү Айбек Мырзанын айтымында, акциянын максаты - Баткен облусундагы көйгөйлөргө бийликтин көңүлүн буруу. “Баткенде курч маселелер көп. Мисалы, суу, электр энергиясы жана чек ара маселелери. Эгер бул көйгөйлөр чечилбесе, Баткен облусун жоготуп алабыз деген коркунучтабыз”,- дейт активист.

Мындан тышкары ал бардык облустарда чогулуштарды өткөрүүнү пландап жатканын белгиледи. Андан соң ал акциянын аталышын төмөнкүдөй түшүндүрүп берди:

“Илгери Борбор Азияда Кокон хандыгы болгон. Ал учурда Шералы хан бийликте болгонун билебиз. Бирок бийликке келгенге чейин ал жөнөкөй койчу эле. Эл аны хандыкка шайлаган. Бийликке келген соң Шералы кимдин колдоосу менен ийгиликке жеткенин унутпаш үчүн анын жакындары чокойду үйүнө илип коюуну сунушташкан. Ушул тарыхый окуяны белгилеп, Баткен эли президентке Шералы хандын чокоюн жөнөтүштү”






“Шералы хандын чокою” аттуу акциясына чыккандарды милиция кармап кетти

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Азим Малиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: