super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен "Евразия" өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

 

Бүгүн, 2-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан менен "Евразия" өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Евразия" экономикалык жамааттык кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Ага ылайык, өлкөнүн Каржы министрлигине "Евразия" өнүктүрүү банкына Кыргызстан тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: