super.kg logo
  Саясат  

Сауд Арабиянын элчилигинин имаратын курууга Бишкектен жер бөлүп берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз өкмөтү менен Сауд Арабия өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиянын Кыргызстанда элчилигинин объекттерин куруу үчүн жер тилкесин берүү шарттары жөнүндө макулдашууну жана кыргыз өкмөтү менен Сауд Арабия өкмөтүнүн ортосундагы элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат-саясат бөлүмү бүгүн, 2-июлда кабарлады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Сауд Арабия тарапка Кыргызстан тарабынан  жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: