super.kg logo
  Саясат  

Парламентке сентябрдан июлга чейин жарандардан 15 133 кат келип түшкөн

 

Жогорку Кеңешке 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июлуна чейин жарандардан 15 133 кат келип түшкөн. Муну бүгүн, 2-июлдагы маалымат жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Спикердин дарегине 2201 кат келип түшкөнү айтылды.

“Төраганын атына келип түшкөн каттардын дээрлик жарымы (1029 кат) калкты социалдык жактан коргоо маселелерине арналган. Укук коргоо органдарынын иши боюнча 713, билим берүү, илим, маданият жана спорт тармагын камтыган 212 кат түшкөн. Аймактарды эске алганда, Бишкектен менин атыма 985 кат келген”,- деди төрага.

Жээнбеков сессия мезгили аралыгында жарандардын даттануулары боюнча 34 жолугушуу өткөргөнүн кошумчалады.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: