super.kg logo

Ырчы Гүлнур Сатылганова Ашхабад шаарында өткөн Маданият фестивалына катышты (фотолор)

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин Эл аралык маданият фестивалына КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова катышып кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

Фестиваль 28-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркия, Босния жана Герцеговина, Эфиопия жана башка мамлекеттерден барган 20дан ашык элге эмгеги сиңген артисттер таланттарын тартуулашкан.

“Буюрса, аман-эсен мекенибизге кайтып келдик. Бир жума бою Түркмөнстанда Маданият күнүнө арналган чоң концертке катыштым. Алардын концерттик сахнасы укмуш экен. Ал жерге орнотулган ошондой чоң экранды мен эч бир жерден көргөн эмесмин. Анын узундугу 54, туурасы 26 метр экен. Биринчи күнү "Керемет дүйнө" ырын аткардым. 

Экинчи күн Түркмөнстандын президентинин туулган күнүнө туш келип, ага арналган чоң концерт уюштурулду. Анда “Санат” жана “Ашыктык” ырларын аткардым. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты. Ашхабадга биринчи жолу бардым, абдан кооз, таза, жомоктогудай шаар экен. Үйлөрү жалаң мрамордон салынып, өнүгүп келатыптыр. Аба ырайы чөлдөй эле ысык болгондуктан, күндүз сыртта баса албайсың. Бул иш-чарага биздин өлкөдөн делегат болуп Кыргызбай Осмонов барган. Ал эми Эркин Рыскулбеков мага жардам берип, продюсер катары барып келди”,- дейт Гүлнур Сатылганова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
03.07.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Чынында эле кооз шаар экен деп койдум.Гулнур эже да улуттук кийим кийип чыгып койсо деле эч нерсе дебейт элем.Шокуло-мокуло,такыя-макыя дегендей...
03.07.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул силердин коро албаганынар сындаганынарчы озунун башындагы тоону корбой бироонун башындагы чопту коросунор
03.07.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Гулнур эжесиз кыргыз сахнасын элестетуу мумкун эмес, ийгилик сизге Гулнур эже, кыргыздын жузу болуп, кыргыздын жузун таанытып журо бериниз!!!
03.07.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гульнур эже эмне учун Айчурок Иманалиевадай болуп эл аралык калыстар тобунда отурбайт? Кыргызстандан барып жаткан сон улуттук кийим кийсе болмок экен. Гульнур эже жакшы, бирок Айчурок биздин кыргыз эстрадасынын примадоннасы. Айчурок эже башкача.
03.07.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койгулачы примадоннанарды
03.07.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнур ежекеме ечким жетпейт айткандар озунор кийинип чыга бергиле гулнур ежедей болуп биринчи ушунча нерсеге жетип алгылачы
04.07.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур айым озу билет,кайсыл жерде кандай журушун. Озунун билимдуу чыгармачыл тобу бар. Командасы мыкты.
04.07.2014. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulnur Satylganova jonundo bolup jatsa bul makala kayaktagy AICHUROKTU ne kowup jatasynar tywynbodum ? ar bir adamdyn oz ordu bar da ... al myndai bul myndai myndai kuluw kerek ele dewten bawka nerse dewti bilbeibiz
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: