super.kg logo

Кочкордо Кара-Кужур кымызы фестивалы өтүүдө

 

Бүгүн, 3-июлда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айылында "Кара-Кужур кымызы" аталышындагы фестиваль өтүүдө. Бул тууралуу аталган иш-чарада алып баруучулук милдетти аркалап жаткан Каниет Жыргалбеков SUPER.KG порталына билдирди.

Иш-чараны Сары-Булак айыл аймагы менен Ак-Кыя аймагы уюштурушкан. Биринчи жолу өткөрүлүп жаткан фестивалга чет элдик туристтер, Казакстандан жана өлкөнүн 7 дубанынан келген бийлик өкүлдөрү катышууда.

Фестивалдын башкы максаты кыргыздын накта кымызын даңазалоо болуп саналат.

Мен бул фестивалга алып баруучу болуп келгем. Иш-чарага эл агылып келип жатат. Боз үйлөр тигилген, коноктор кымыздын даамын ачык асман алдында сызышат”,- дейт Каниет Жыргалбеков.

Кошумчалай кетсек, иш-чара "Манас" айтуу менен ачылат. Андан соң кыргыз комузунун керемет күүлөрү жаңырат. Ошондой эле казактар домбрасында кол ойнотушат. Мындан тышкары Бегимай Бекбоева, Илгиз Адашев жана райондук өнөрпоздор таланттарын тартуулашат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: