Ырчылар Омар менен Арсен "Жаңы толкун" сынагында "Style Mix" тобунун музыкалык продюсери болушат





"Style Mix" триосу Юрмала шаарында өтчү "Жаңы толкун" сынагына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн аттанары белгилүү. Азыркы тапта трионун мүчөлөрү жана алардын продюсери Миргүл Эсеналиева сынакка даярдык көрүп Казакстандын Астана шаарында жүрүшөт. Бул тууралуу 3-июлда алардын сахналашы, ырчы Назгүл Токтакунова SUPER.KG порталына билдирди.
“Учурда алар виза ачтыруу үчүн Астана шаарында. Фестивалда Омар менен Арсен "Style Mix" тобунун музыкалык продюсери болушат. Алар ырларды, музыкаларды тандап беришет. Ал эми Анжелика колдоо көрсөтүү үчүн барат”,- деди Назгүл Токтакунова.
Эске салсак, апрель айында Юрмала шаарында “Жаңы толкун” сынагынын тандоо турунан "Style Mix" триосу өтүп, бул эл аралык сынакка катышууга жолдомо алышкан.
Белгилей кетсек, “Жаңы толкун” сынагы 22-27-июлда өтөт. Анда жарым финалдан өткөн 13 катышуучу өнөрлөрүн тартуулайт.


анан да Миргүл Анжеликанын продюсери экенго,
Юрмалада живой үн м.н ырдагандарды көрүп Анжеликанын жүрөгү түшүп калаар бекен ))))
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.