super.kg logo

Ырчы Назми “Классташтар” аттуу чыгармасына клип тартып жатып, ырды аткарууну жолдошу сунуштаганын айтты (фоторепортаж)

 

Ырчы Назми сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Мукан Рыскулбековго таандык “Классташтар” аттуу ырына клип тартып жатат. Учурда клиптин 50 пайызы тартылып бүтүп, жакынкы күндөрдө элге тартуулануу алдында турат.

Ырчы чыгарма тууралуу “Аталган ырды жолдошум ырдап калганда жактырып калып, "жакшы чыгарма экен" деп суктанып койдум эле. Көп өтпөй жолдошумдун сунушу менен ырды жаздырып, клип тарттырууну туура көрдүк. Анткени эмки жылы менин 20 жылдыгым, негизи эле чыгарма ар дайым актуалдуу болчу ырлардын бири” деген оюн билдирди.

Клиптин режиссёру Ринат Мурзаев: “Бул менен онунчу же он биринчи эмгегим. Назми эже менен экинчи ирет иштешип жатам, буга чейин “Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы” аттуу ырына клип тартканбыз. Экинчи клиби деле кыйынчылык жараткан жок, болгону окуучуларды чогулта албай убара тарттык. Сюжети менен идеясына токтоло кетсем, мектепти, окуучулук күндөрдү чагылдырат”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
03.07.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
окуучу кыздардын чачтарын саксайтпай мейли орбосо, туйуп же байлатып койсо болмок. Саксайтып кой берген чачтан сулуу окуучу болуп калабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: