Жалал-Абадда медицина кызматкерлери мэрдин жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты
Бүгүн, 3-июлда өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Ага өкүлдүн орун басары Жумагүл Эгембердиева катышып, медицина кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады. «Мамлекет медицина тармагынын өнүгүшүнө колдон келген көмөгүн көрсөтүп жатат. Быйыл Сузак районундагы Октябрь айылында 50 орундуу оорукана пайдаланууга берилди. 17 "Тез жардам" унаасы берилди. Акырындык менен бул тармак жакшырып жатат»,- деди Эгембердиева. Ошондой эле медицина кызматкерлерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана Жалал-Абад шаарынын мэринин Ардак грамоталары тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

19:16
2025-07-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.