super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү жыйынтыкталды

 

Бүгүн, 3-июлда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон башында турган өкмөттүк делегациялардын чек ара маселеси боюнча Бишкекте өткөн жыйыны соңуна чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.

Жолугушууда тараптар 2014-жылдын 14-июлунан тарта Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жолунун долбооруна ылайык жана Исфара – Ворух жолун макулдашылган маршруттар схемасы боюнча бир убакытта куруп баштоо жана пайдаланууга берүү маселеси макулдашылды.

Ошондой эле Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жана Исфара-Ворух автожолун макулдашылган маршруттар схемасы боюнча пайдалануу тууралуу өкмөттөр аралык келишим долбоорун иштеп чыгуу максатында эксперттик иштиктүү топтордун 7-июлда Тажикстандын Кайрак-Кум шаарында жолугушуусу өтөт.

Тараптар 2014-жылдын 31-мартындагы эки көпүрөнү жана автожол участогун куруу жөнүндө келишимди аткаруу маселеси боюнча тараптар курулуш тилкесин жана эки көпүрө ишинин көлөмүн тактоо үчүн тийиштүү органдарга жолугушуу уюштурууну тапшырды.

Мындан сырткары кыргыз-тажик жарандары ортосунда 2014-жылдын 7-майында орун алган чатакты териштирүү маселесине кайрылууда вице-премьер-министрлер күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча кылмыш ишин тергөөнү ыкчамдатып, соңуна чыгаруу жана анын жыйынтыгы боюнча жарандарга келтирилген материалдык чыгымды кайтаруу боюнча чараларды кабыл алууну макулдашышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: