super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Билим берүү комитети 10 айда 3 жолу парламенттик угуу өткөрдү

 
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 10 айда 3 жолу парламенттик угуу өткөрдү. Муну бүгүн, 3-июлда ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. 

Биринчиси: “Санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө” парламенттик угуу. Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселеси боюнча өткөрүлгөн парламенттик угуу бул жагдайда иш реалдуу кандай абалда экенин, мамлекет эл аралык коомчулук алдында “Женева – 2006” макулдашуусунун алкагында алган милдеттенмесине ылайык, өз убактысында, тагыраак айтканда, 2015-жылдын июнь айында Кыргызстанга чектеш мамлекеттер менен болгон чек ара тилкелеринде аналогдук уктурууну өчүрүү менен өз жарандарынын конституциялык укугуна жараша маалымат алуусуна кепилдик берген мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Парламенттик угуунун жыйынтыгында Кыргызстандын санариптик телерадиоберүүгө өткөрүү программасын ишке ашыруу боюна өкмөткө тапшырма берилди.

Экинчиси: “Кыргызстандагы илимдин жана инновациянын абалы жана алардын өнүгүү келечеги жөнүндө” деген маселе. Парламенттик угуунун максаты - өлкөдөгү илимдин жана инновациянын абалын жакшыртуу жана алардын өнүгүү келечегин жеткиликтүү кылууга багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу.

Анда катышуучулар тарабынан илимге болгон каржылоонун көлөмүн көбөйтүү, республикалык бюджеттен илимди каржылоого бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, өкмөттүн алдында илим жана инновация тармагын көзөмөлдөгөн Координациялык кеңешти түзүү, илимге жаш окумуштууларды тартуу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу сунуштары талкууланды. 

Жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстандагы илимдин жана инновациянын абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштамаларды кабыл алышты жана сунуштамалар өкмөткө аткарууга жөнөтүлдү. 

Үчүнчүсү: “Кыргыз Республикасындагы театрлардын жана жогорку, орто маданий окуу жайларынын абалы жөнүндө” маселе. Угууда республикада жогорку, орто маданий окуу жайларынын абалы жөнүндө маселе каралды. 

Парламенттик угуунун жыйынтыгында өкмөткө жана тийиштүү мамлекеттик органдарга маданият жаатында иштерди жакшыртуу, маданиятты жеткиликтүү каржылоо, бир катар театрларга “улуттук” же “академиялык” наамдарды берүүнү карап көрүү, чыгармачыл адамдардын турак жай шарттарын жакшыртуу жана социалдык жактан коргоо, театрлардын репертуарларын жаңылоо, аны эл арасына кеңири жайылтуу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштар берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: