super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: “Жарандардын ден соолугун коргоо - өкмөттүн башкы милдети”

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 4-июлда облустардан келген 7 медицина кызматкерин кабыл алды. Өкмөттүн аппараты билдиргендей, аларга Медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата өкмөттүн Ардак грамотасы тапшырылды.

“Бүгүн биз сиздердин эмгекти, ар бир күнкү жараткан каармандыкты белгилейли деп чечтик. Сиздердин араңыздарда сапаттуу медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүк чектелүү эсептелген өлкөнүн алыскы аймактарында эмгектенгендер бар. Буга байланыштуу сиздердин эмгек баалуу жана элге зарыл. Бул багытта биз дарыгерлердин алыскы аймактарында калып иштешине колдон келген аракетти жумшообуз зарыл”,- деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы саламаттык сактоо кызматкерлерине элге жасап жаткан камкордугу үчүн ыраазычылык билдирип, буларды кошумчалады: “Биздин жарандардын ден соолугун коргоо өкмөттүн эң негизги милдеттеринин катарына кирет. Ошондуктан биз ыңгайлуу жана комплекстүү дарылоо, оорулардын алдын алуу үчүн шарттарды түзүп гана тим болбостон, улут ден соолугу үчүн талыкпастан күрөшкөн дарыгерлердин көптөгөн социалдык көйгөйлөрүн чечүүбүз керек”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: