Жылнаама, 5-июль: Мындан 75 жыл мурун Бишкектеги Кара-Жыгач багында орун алган Комсомол көлүнүн курулушу башталган

* Мындан 75 жыл мурун, 1939-жылы Бишкек шаарынын Кара-Жыгач багында орун алган Комсомол көлүнүн курулуш иши башталган. Жасалма көлмөнү Базар суусунун нугуна курушуп, мындагы бакчаларды бузбаш үчүн адегенде тосмо курулуп, андан кийин калган иштер бүткөрүлгөн. Балыкчылар көлмөгө маринка жана форель балыктарын коё беришкен.
* Мындан 42 жыл мурун, 1972-жылы спортко эмгек сиңирген чебер, грек-рим күрөшү боюнча КРнын жана Казакстандын көп жолку чемпиону, "Атланта-96" Олимпиадасынын, 1994-жылкы Хиросимадагы 12-Азия оюндарынын, Азиянын 5 жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун 2 жолку күмүш медалынын ээси Юрий Мельниченко Жалал-Абад шаарында туулган. Ал Казакстандын Парасат ордени менен сыйланган.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы

* Мындан 157 жыл мурун, 1857-жылы Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, аялдардын укугу үчүн күрөшкөн белгилүү ишмер Клара Цеткин Германияда туулуп, 1933-жылы 20-июнда 75 жашында көз жумган.
5-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.