super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Валерий Диль кумшекер өндүрүү тармагында өлкөнүн потенциалы жогору экенин айтты

 

КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль 4-июлда Чүй облусундагы заводдордун абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Вице-премьер-министр кумшекерди кайра иштетүүчү «Ак-Суу Вита» АККсынын иши менен таанышуу учурунда комбинатты казак тараптан Кыргызстандын карамагына өткөрүү керектигин жана ишке киргизүү зарылдыгын баса белгилеп өттү. Азыркы тапта ишкана Алматыдагы насыя берүүчү банкта күрөөдө турат.

"Экономикалык көрсөткүч кумшекер өндүрүшү кирешелүү экенин көрсөттү. Ошондуктан бул багыттагы өндүрүштү жакшыртууга аракет кылыш керек. Бул тармакта өлкөбүздүн потенциалы жогору",- деди Валерий Диль. Аталган комбинат иштеп калса, 450 адам жумуш менен камсыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: