"Кара-Балта спирт заводу" өлкөдөгү этил спиртине болгон суроо-талапка байланыштуу ишин токтотуп турат

КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль 4-июлда Чүй облусундагы заводдордун абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Вице-премьер-министр бир жылдык көлөмү 1 миллион далга барабар болгон «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, заводдун азыркы абалын көрдү.
Учурдагы өндүрүштүн көлөмү республикадагы этил спиртине болгон суроо-талаптан ашык. Буга байланыштуу чыгарылган продукцияны сатуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Мындан улам завод өздүк өндүрүшүн убактылуу токтотуп турат. Валерий Диль атаандаштыктан коркпоо керектигин белгилеп, спирт ичимдиктери боюнча салыктардын жогорулашы көмүскө экономикадагы өндүрүштү аныктоого багытталганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

