super.kg logo

Бүгүн Бишкекте япон маданиятын көрсөткөн Танабата фестивалы өтөт

 

Бүгүн, 5-июлда Бишкектеги Кыргыз-Япон өнүктүрүү борборунда япон маданиятын көрсөткөн Танабата фестивалы өтөт.

Танабата - япон салтындагы өзүнүн романтикасы жана кылымдык тарыхы менен суктандырган сүйүүнүн жана үмүттүн майрамы. Фестиваль чыгыш мамлекеттеринин мыкты салтына ылайык өткөрүлөт. Катышуучуларга Токуучу менен Малчынын асмандагы дарыянын суусу менен бөлүнүп калган сүйүүсүн баяндаган уламыш көрсөтүлөт.

Бул күнү бамбуктун бутагынан ар кандай кооздуктарды жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле Танабата күнүнө арналган салттуу ырым-жырымына ылайык, коноктор тандзаку аттуу ар түстүү кагаздарга жазылган каалоо-тилектерин бамбуктун бутактарына илишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: