super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте өткөн коллегиялык жыйында чек ара коопсуздугу талкууланды

 

Бүгүн, 5-июлда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабында коллегиялык жыйын болуп өттү. Ага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Чек ара кызматынын жетекчилиги, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жыйында Чек ара кызматынын аскердик даярдыктары тууралуу маалымат берилип, мекемени 2014-2015-жылдарга карата техникалык жактан камсыздоо маселеси талкууга алынды. Мындан сырткары чек арадагы көзөмөл өткөрүү бекеттеринде аткезчиликти көзөмөлдөө жагы каралды.

КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев чек арачылардын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, чек арага жакын аймактагы калк менен тыгыз иш алып баруу керектигин айтты. Ошондой эле кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: