super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева былтыр 475 262 сом маяна алыптыр

 

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева 2013-жылы 475 262 сом маяна алганын тапшырган декларациясында көрсөттү. Кыймылсыз мүлктөрү: 65,8 жана 35,2 чарчы метр аянтты ээлеген 2 батир, 43,3 чарчы метр жерди ээлеген бир үй. Министрдин жакындары былтыр 170 603 сом киреше табышса, бир автоунаага ээлик кылышат (үлгүсү көрсөтүлгөн эмес).

Динара Сагынбаеванын орун басары Марат Калиев былтыр 1 миллион 926 004 сом киреше тапкан. Мунун 385 754 сому маяна, калганы кошумча кирешеси. Калиевдин жакындарынын жылдык кирешеси 414 676 сом. Бир үй, бир батирге ээлик кылышат.

Министрдин дагы бир орун басары Кубанычбек Чойбеков 2013-жылы 174 122 сом маяна алыптыр. Анын жакындары 71 700 сом киреше табышса, мүлктөрү: батир (аянты 47,7 чарчы метр), кашар (870 чарчы метр), күркө (20,1 чарчы метр), батир (35,4 чарчы метр). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: