super.kg logo
  Саясат  

Канадада Аида Салянова Кыргызстандагы коррупцияга катыштыгы бар канадалык компаниянын өкүлдөрүн жоопко тартууну айтты

 

Башкы прокурор Аида Салянова жетектеген Кыргызстандын делегациясы АКШда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын максаты - коррупция менен күрөшүү маселесине басым жасоо менен уурдалган жана изи жашырылган активдерди кайтаруу боюнча Кыргызстан-Америка укуктук кызматташтыгын активдештирүү жана бекемдөө.

4-июлда Аида Салянова Оттава шаарында Канаданын юстиция министри, тышкы иштер министри, башкы прокурору, өлкөнүн федералдык полициясынын өкүлдөрү жана парламентарийлердин коррупция менен күрөшүү боюнча глобалдык уюму менен жолугушту. 

Канаданын башкы прокурору Брайн Сандерс менен жолугушуу учурунда Аида Салянова Кыргызстандын бийлик адамдарынын коррупцияланышына көмөктөшкөн канадалык компаниянын өкүлдөрүн жоопко тартууну айтты. Ошондой эле тараптар кен иштетүү тармагында кылмыш ишин козгоону талкуулашты.

Канаданын прокуратурасы коррупция жаатында тергөө амалдарына көмөктөшүүгө даяр экенин белгилеп өтүштү. Бул тууралуу 7-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: