super.kg logo
  Саясат  

Чет өлкөдө соттолгон мекендештерди экстрадициялоо жана каза болгондорду Кыргызстанга алып келүү өтө көйгөйлүү маселе бойдон калууда

 

КРнын Акыйкатчы аппаратында тармактык бөлүмдөрдүн 2014-жылдагы 6 айлык ишинин жыйынтыгы чыга баштады. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алгачкылардан болуп КРнын Акыйкатчы аппаратынын эркиндикти чектөөчү жайларда жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышы боюнча бөлүм жарым жылдык иши боюнча отчётун берди. Бөлүм башчысы Камалдин Жапаровдун айтымында, чет өлкөлөрдө соттолгон мекендештерди Кыргызстанга экстрадициялоо, каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн “Жүк-200дү” Кыргызстанга алып келүү өтө көйгөйлүү бойдон калууда.

Жарандардан келип түшкөн маселелердин чечилиши бир топ көйгөйлүү. Анткени биринчи кезекте ведомстволор аралык тоскоолдуктар жана мекендештерибиздин укуктук маалымдуулугунун начардыгы эсептелет. Мисалы, Жаштар, миграция жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Ишке орноштуруу боюнча борбор иштейт. Алардын милдеттеринин бири - тийиштүү документтерди тапшыргандан кийин “Жүк-200дү” алып келүү боюнча чыгымдарды компенсациялоо. Бирок учурда иш жүзүндө “Жүк-200дү” ташып келүүдөгү негизги кыйынчылык чет өлкөлөрдөгү биздин диаспораларга түшөт”,- дейт Жапаров.

Ал эми бөлүмгө 6 ай ичинде 150гө чукул арыз-даттануулар келип түшкөнү айтылды. Алардын 11инде системдүү мүнөздөгү укук бузуулар табылган. Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Жаза аткаруу кызматына караштуу мекемелерге жана ИИМдин бир катар убактылуу кармоочу жайларына мониторинг жүргүзүлгөн. Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына инспекциялык текшерүү жүргүзүлгөн. Аныкталган системдүү укук бузуулар КРнын Акыйкатчысынын Жогорку Кеңешке берилүүчү жылдык баяндамасында чагылдырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: