super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгы талкууланды

 

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 7-июлда Швейцариянын каржы министри Эвелин Видмер-Шлумпф башында турган Швейцария Конфедерациясынын делегациясын кабыл алды. Анда тараптар эки өлкөнүн кызматташуусун жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

Оторбаев кыргыз өкмөтү инвестиция тартууга кызыкдар жана ички рыноктогу швейцардык бизнеске колдон келишинче көмөктөшүүгө даяр экенин айтты. Европа мамлекеттеринин ичинде Кыргызстандын Швейцария менен өз ара соода жүгүртүү көлөмү жогору экенин белгиледи.

Эвелин Видмер-Шлумпф Швейцария мындан ары карай дагы Кыргызстанга биргелешкен долбоор жана программаларды ишке ашырууга көмөктөшөрүн, эл аралык каржы институттарында колдоо көрсөтүүсүн улантарын билдирди.

Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: