Биометрикалык паспорт системин киргизүү боюнча Жоомарт Оторбаев Монголияга учуп кетти
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 8-июлда Монголиянын Улан-Батор шаарына бир күндүк иш сапары менен учуп кетти. Маалыматты өкмөт аппаратынан билдирди. Иш сапардын максаты - биометрикалык паспорт системин киргизүү, айыл чарба, парламенттер аралык кызматташуу жана шайлоолордун өтүшү боюнча Монголиянын тажрыйбасы менен таанышуу. Иш сапардын алкагында Оторбаев баштаган делегация Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж жана премьер-министри Норовын Алтанхуяг менен жолугушары пландалууда.
Делегациянын курамында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

