super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев былтыр 795 568 сом киреше тааптыр

 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев (сүрөттө) 2013-жылы 795 568 сом маяна алыптыр. Кошумча кирешеси жок жана “жеке менчик автоунаасы жок чиновниктердин катарындамын” дейт. Анын жакындары 160 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйгө ээлик кылышат. Декларацияда алардын жылдык кирешеси тууралуу маалымат берилген жок.

Орозбек Молдалиевдин орун басары Табылды Орозалиев өткөн жылы 472 152 сом киреше тапкан. 120 чарчы метр батирдин ээси. Анын жакындарынын былтыркы кирешеси 96 000 сом болгон. Мүлкү: 120 чарчы метр аянтты ээлеген бир үй.

Аталган комиссиянын мурунку жетекчиси Абдилатиф Жумабаев бир жылда 514 229 сом маяна алганын айтат. 0,60 гектар жер тилкесине ээлик кылат. Жумабаев жакындарынын жылдык кирешеси жана үй мүлкү тууралуу маалымат берген эмес.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: