super.kg logo
  Саясат  

Судьялардын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

 

Бүгүн, 8-июлда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүн Конституциянын 94-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык келтирүү максатында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрында чыккан чечимин аткаруу үчүн кабыл алынган.

Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жогоруда көрсөтүлгөн чечими менен башкы прокурор тарабынан ыйгарым укук берилген облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун статусунан төмөн турбаган прокурорлорго судьяларга карата жазык ишин козгоо укугун берген “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосун конституциялык эмес деп тапкан.

Аталган ченемдик жобо жогоруда кол коюлган мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнөн алынып салынды.

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: