super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештеги фракциялар акыйкатчылыкка талапкер сунуштоо укугуна ээ болушту

 

Президент Алмазбек АтамбаевКРнын Акыйкатчысы жөнүндөмыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга бүгүн, 8-июлда кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

“КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык, акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерди сунуш кылуу укугуна парламенттик фракциялар ээ болушат жана алар ар бир фракциядан үчтөн көп эмес талапкерди сунуш кылышат.

Ошондой эле акыйкатчынын орун басарын шайлоонун жаңы тартиби аныкталууда. Алсак, акыйкатчы анын орун басары жыйынга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгү, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмеси добуш беришсе, шайланды деп эсептелинет. Ал эми колдонуудагы тартип боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш бергенде талапкерлер шайланды деп эсептелинет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: