super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Кыргызстан заманбап шайлоо технологияларын колдонуу багытында Монголиянын тажрыйбасына кызыкдар"

 

8-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен Монголия Республикасынын Президенти Цахиагийн Элбэгдорждун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев монгол тарапка жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызстан Монголия менен мындан ары карай кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин айтты.

Өкмөт башчы кыргыз тарап 10 жылдан соң өткөрүлгөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол өкмөт аралык комиссиясынын II кеңешмесинин жыйынтыгына оң баа берерин баса белгилеп өттү.

«Учурда Кыргызстанда калктын бирдиктүү регистрин түзүү жана анын негизинде биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен такай жаңыртылып туруучу шайлоочулардын бирдиктүү тизмегин түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Биз үчүн заманбап шайлоо технологияларын колдонуу менен шайлоо уюштуруу жана өткөрүүдөгү Монголиянын чогулткан тажрыйбасы абдан кызыктуу»,- деди Оторбаев.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташууну кеңейтүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: