Жаш активисттер Улуттук оппозиция кыймылынын лидерлерин жаштардын атын жамынбоого чакырышты

Бүгүн, 9-июлда жаш активисттердин бири Мелис Аспеков Улуттук оппозиция кыймылынын лидерлерине жаштардын атын жамынбоого чакырган билдирүүсүн интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, жаштар оппозиция лидерлерине ишенишпейт.
“Улуттук оппозиция кыймылынын өкүлдөрү, силерге айтарым: биз силерден “бизди коргоп бергиле” деп суранган эмеспиз. Себеби жеке мен силерге такыр ишенбеймин. К.Ташиевге, А.Келдибековго, Р.Жээнбековго, А.Бекназаровго жана Н.Мотуевге ишене албаймын. Биздин таза атыбызды жамынбагыла”,- дейт Аспеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

